Тарыхты барактасак, Борбордук Азияда жазуу, окуу, маданият, искусство, деги эле агартуучулук болбогондой элес калат. Адатта ак падышанын заманында келген орус окумуштуулары ушинтип жазып кеткен деген пикир бар. Бирок тарыхчылар аймактын "жапайычылыгы" биринчи болуп батыш изилдөөчүлөрүнүн эмгектеринде жазылганын айтышат.
Тарых илимдеринин доктору, профессор Анара Карыева батыш окумуштуулары кыргыздар сыяктуу эски, бирок чакан улуттар жашаган өрөөндөрдү изилдөөдө атайынбы же кокустанбы, айтор, агартуучулугуна көңүл бурбай келишкенин белгиледи. Алар дүйнө элин агартуу Батыштан башталгандай жазып калтырышкан. Бул маалыматтар илимпоздор арасында тарыхый булак катары колдонулуп отуруп, дүйнөгө тарап кеткен. Sputnik радиосуна келген окумуштуу, кыргыздардын агартуу процесси кандай жүргөнүн баяндады.
— Анара Карыевна, сиз Кыргызстандагы агартуучулук процессти изилдеп келесиз. Бизде, кыргыздарда, агартуучулук качан башталган, кандай болгон?
— Тарыхта агартуучулук доору деп 1784-жылы немец окумуштуусу Эмануэль Канттын "Агартуу деген эмне? Суроого жооп" деген китеби чыккандан берки убакыт аталып келет эмеспи. Батыштын Иммануил Кант, Жан Жак Руссо жана Вольтер сыяктуу окумуштуулары агартуучулук доордун башатында турган классиктер катары белгиленет. Чынында Орто Азияны, бүгүнкү күндө Борбордук Азия деп атап жаткан чөлкөмдү алгач мына ушул батыш окумуштуулары изилдеген. Бирок ошолордун эмгегинде агартуучулук бир гана Батыш Европага тиешелүүдөй, ушул аймакта гана агартуучулук жүрүп, башка дүйнө элдери, анын ичинде орто азиялыктар караңгы калктай сүрөттөлөт. Бул алгачкы изилдөөлөр болгондуктан дээрлик бүт тарыхчылар аларды булак катары колдонушкан, керек болсо азыр да колдонулуп келет. Ошентип дүйнөгө орто азиялыктар кечээ, кийин эле сабатсыз эл сыяктуу маалыматтар тараган. Буга башкы себеп Чыгыш менен Батыштын илгертен бери келе жаткан саясий же экономикалык эле эмес, илимдеги да тиреши. XX кылымда Кыргызстандын, деги эле бул чөлкөмдүн ак падышанын, андан соң СССРдин курамына кириши тарыхый маалыматтарды ушундай өңүттө жайылтууга себеп болгондур.
Батыш окумуштуулары эмгектерин негизинен элдин эркиндигине, абсолюттук монархияга каршы чыккан аракеттерге карап жазышкан. Жөнөкөй тил менен айтканда, коомдогу ушундай өзгөрүүлөр элдин өнүгүшү катары берилет да, башка мамлекеттерде мындай иш-аракеттер жок болсо, демек, алар караңгы деген бүтүм чыгып калган.
Бирок талдай келгенде агартуу доору же анын коомдордогу орду тууралуу маалыматтарга ээ болобуз. Мисалы, орустарды алып карасак, аларда агартууга мүнөздүү кыймылдар, тескерисинче, бийлик тарабынан жүргүзүлгөн. Орус бийлиги Илимдер академиясын ачып, университеттерди түптөгөн. Бул жерде коом Франциядагыдай болуп бийлик менен өзүнүн билимге болгон укугу үчүн күрөшкөн эмес. Ал эми Борбордук Азияга келсек, биз көчмөн эл болгонбуз. Ошол эле батыш окумуштуулары көтөргөн эркиндик, укук маселелери бизде алда канча мурун эле айтылган. Ошол эле Манасты алып карасак, чачылган элди жыйнап, өз өлкөсүн түзүп жатат. Негизи эле көчмөн элдерде Батыш Европадагыдай таптардын күрөшү болгон эмес. Биздин жашоо түзүм башкача болгон. Уруулук, уруктук түзүм өкүм сүрүп, феодал, манап өзүнүн уруусу, эли үчүн жоопкерчилик тарткан. Европадагыдай класстык, таптык тиреш жүргөн эмес, анткени "класс", "тап" деген түшүнүктөрдүн өзү жок болчу. Бизде туугандык алака-байланыш үстөмдүк кылган.
Батыш Европа отурукташкан калк, дыйканчылык менен күн көргөн, абсолюттук монархияга өтүп, кул ээлөөчүлүк күчөгөн. Байлыгы ашып-ташкандар эми карапайым калктын укугун тебелеп тим болбостон, мамлекеттик иштерге аралашууну көздөгөн, банктардын ишине, мыйзам чыгарууга кийлигишкен. Мына ушундан тажаган эл эркиндикти самап, түрдүү кыймылдар түзүлгөн. Илимге окумуштулар мына ушул учурду дүйнөдөгү агартуу доору катары киргизишкен.
— Бул доордо, сиз айтып жаткан XVII кылымда, кыргыздар Кокон хандыгынын курамына кирип калган да. Бул колониялык система кыргыздардын агартуучулугуна кандай таасир тийгизген?
— Кокон хандыгы кыргыздардын агартуусунда же жалпы эле агартуу багытында реформа жүргүзүп же бир иштерди жасаган эмес. Мен Кокон хандыгын кыргыздардын толук кандуу хандыгы болгон деп айта албайм, анткени алар салык салуу менен гана чектелген. Түштүк кыргыздарынын арасынан айрым адамдар бийликке жакындап, кандайдыр бир кызматтарга жеткени болбосо, мамлекеттик деңгээлде жасаган башка иштери эч бир булакта сакталып калган эмес, мен аларды таба алган жокмун. Бирок ошол учурда кыргыздардын өздөрүнөн чыккан сабаттуу адамдар болгон. Алар өз каражатына, өз күчүн жумшап ошол замандын талабына жооп берген медреселерди салышкан. Булардын бири — Алымбек датка. Ал кишини биз агартуучу деп атасак болот. Алымбек датканын салдырган медресеси кийин Ошту заманбап шаарга айлантууда сүрдүрүлүп кеткен, бирок архивде сүрөттөрү сакталып калган.
Айрым окумуштуулар Кокон хандыгынын мезгилинде азыркы Кыргызстанга мечит, медреселер салынган деп айтып жүрүшөт. Ооба, туура, бирок бул хандык менен эч кандай байланышы жок жайлар. Тактап айтканда, Кокон хандыгы атайын каражат бөлүп, алдына максат койгон эмес. Исламдын жадиддик агымы келгенге чейин ал медреселерди мейли түндүгүндө, мейли түштүгүндө болсун, ошол Алымбек датка сыяктуу жергиликтүү билимдүү жана каражаты бар кыргыздар курдурушкан. Мындай медреселер өзгөчө түштүк аймактарда көп болгон. Анткени ал жакта калк отурукташып калган эле, өлкө түндүгүндө отурукташуу падыша заманынан тарта жүрүп, мектептер ачыла баштаган. Бул XVIII кылымдан тарта, өзгөчө XX кылымдарда колго алынган. Ошол эле Шабдан баатыр салдырган мектеп, Жумгалдагы Курмандын мектеби пайда болуп, алар жаңы усулда окуткан жадиддик мектептер эле (ред.— реформаланган ислам диний мектептери). Бул мектептерден кыргыздын алгачкы агартуучулары Дүр Сооронбаев, Ишеналы Арабаевдер окуп, анан Казань, Санкт-Петербург сыяктуу башка шаарлардан билимин жогорулатышкан.
Ал эми ак падышанын мезгилиндеги Россиянын агартуучулугу цивилизатордук саясат болгон. Алар өздөрүнө ыңгайлашкан өнүгүүнү киргизишкен. Мектептер салынып, жалпы коомдуу агартууга көңүл бурулган, алгачкы ооруканалар, китепканалар курулуп, жол салынган. Россия падышачылыгы орус-тузем мектептерин түзгөн. Булардан Жусуп Абдрахманов сыяктуу биздин залкарларыбыз чыкты да.
— Демек, кыргыздардагы агартуучулук бир өңчөй жүрбөптүр да?
— Ооба, кыргыздар агартуучулугун көчмөн цивилизациясынын негизинде жүргүзгөн, Европа калкынан айырмаланып турат, керек болсо ушул эле Чыгыштын отурукташкан калкынан да өзгөчөлөнөт. Бизде оозеки чыгармачылыктын да салымы бар, манасчы, төкмө акындардын эмгегин белгилешибиз керек. Молдо Нияз, Молдо Кылыч сыяктуу жазма акындарга чейинкилерди биз кантип элди агарткан эмес деп айтабыз, алар дал ушул агартуучулук менен алектенишкен. Бизде агартуучулук ушундай нукта өнүгүп, Батыштан такыр башкача өңүттө жүргөн.
Кайсы гана коом болобосун, агартуучулуктун негизги урааны — эркиндик. Ошол эле Францияда билим, агартуучулук динге карама-каршы коюлган. Англияда дин менен тил табышып иш кылышкан. Россияда динге каршылык деле болгон эмес, ал эми Орто Азияда, тескерисинче, диний агартуучу да мектептер болуп жатпайбы. Алар бир эле динди, сыйынганды үйрөтүп эмес, билим берип, билимдүү кылып чыгарып жатышат. Кыргызстанда да дал ушундай болгон.
Эгемендүү Кыргызстандын учурундагы изилдөөлөргө таянсак, советтик доорго чейин өлкө калкынын 15 пайызы кат тааныган. Ал эми СССР түзүлгөн алгачкы жылдары эле 70 пайыздан ашкан.