БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 3-ноябрь, дүйшөмбүдө, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +13...+18, Нарын өрөөнүндө +10...+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +17...+19 градуска көтөрүлөт.