Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Эртең менен жана кечинде, электр энергиясын керектөө күчөгөн маалда, эсептегичтердин кубаттуулугуна чектөө киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын "Улуттук электр станциялар тармактары" ишканасынан кабарлашты. Маалыматка караганда, саат 07:00дөн 09:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин кээ бир подстанциялар ашыкча жүктөм менен иштейт. “Подстанцияда ашыкча жүктөм катталган учурда анын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн эсептегичтеги кубаттуулук автоматтык түрдө 5тен 3 кВт көлөмгө чейин төмөндөтүлөт”, — деди ишкана. Белгиленген сааттарда жылыткычты, үтүктү, кир жуугуч машинаны же башка шаймандарды бир убакта колдонбоо сунушталат. "Бул убактылуу чектөө электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин 79-пунктунда, ошондой эле ишкана менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимде каралган", — дешти энергетиктер. Алар ошондой эле кыргызстандыктарды электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга чакырышты.
өлкөдө милиция күнүнө карата ички иштер органдары үчүн 35 имарат пайдаланууга берилгенин мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.Мындантышкары, Ички иштер министрлигине 101 автоунаа тапшырылды. Алардын баары аймактарга жөнөтүлөт. Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында видеокамералардын санын 20 миңге чейин көбөйтүүнү тапшырганын жана ИИМдин штаты кеңейтилерин билдирди.Ошондой эле Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үй пайдаланууга берилди. Президент мамлекет бир дагы милиция кызматкерин турак жайсыз калтырбай турганын убада кылды. Ал акыркы 5 жылда ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасынын 85%ы жаңыланганын, кызматкерлердин айлыгы эки эсеге көтөрүлгөнүн белгиледи.
Sputnik. Өлкөдө күздүн башынан бери бензиндин баасы кеминде 5,5 сомго көтөрүлдү. 2-ноябрга карата май куюучу жайлардын бириндеги баа мындай: АИ-92 — 76,4 сом (1-сентябрдан бери 6,5 сомго кымбаттаган); АИ-95 — 81,4 сом (5,5 сомго кымбаттаган); Дизель — 80,8 сом (3,5 сомго кымбаттаган). Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 8-октябрда күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөнү жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоону тапшырган. Өкмөт мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу.
Канаданын премьер министри Марк Карни Дональд Трамптан аны таарынткан жарнама үчүн кечирим сураганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин Онтарио провинциясынын бийлиги АКШнын мурунку президенти Рональд Рейгандын 1987-жылы айткан сөзүн колдонуп, тарифтерге каршы жарнаманы жарыялаган. Тасмада Рейган тарифтер массалык жумушсуздукка, соода согушуна жана экономикалык апаатка алып келерин айткан. “Ооба, мен президенттен аны таарынткан жарнама үчүн кечирим сурадым”, — деген Канаданын премьери.АКШ президенти 25-октябрда жарнамага ачууланып, аны өчүрүүнү талап кылган. Ал Канада менен соода сүйлөшүүлөрүн токтотуп, Оттавага каршы алымдар дагы 10 пайызга көтөрүлгөнүн айткан. Рейган фонду тасмада мурдагы президенттин сөзү бурмаланып калганын билдирген. Алар экс-президенттин сөзү тарифтерди айыптоо эмес, эркин жана адилеттүү соодага чакырык экенин белгилешкен.