Чүйдө 63 жаштагы киши мас болуп аялын атып өлтүргөн деп кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мосвка районунун Бала-Айылчы айылында 63 жаштагы Э.С. аттуу киши аялын атып өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча Москва райондук милициясына 1-ноябрда билдирүү келип түшкөн. Тергөө тобу кылмыш болгон жерге барып, үй-бүлөлүк жаңжал чыгып, киши мас абалында 49 жаштагы аялын курал менен атып, ал каза болуп калганын билген.
Факт боюнча РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милициядан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө уланып жатканын белгилешти.
Адамды өлтүрүп, дааратканага салып жиберген. Чүйдө 17 жаштагы шектүү кармалды