Жапаров Бишкек ШИИБинин жаңыланган имаратын көрүп чыкты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 1-ноябрда, президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңыланган имаратына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайгашкан имарат толугу менен реконструкцияланып, заманбап талаптарга ылайык жабдылган. Бул жерде ыкчам бөлүмдөрдүн, тергөө кызматтарынын, нөөмөт бөлүгүнүн жана участкалык инспекторлордун натыйжалуу иштеши үчүн ыңгайлуу жана функционалдык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, кеңседе "Коопсуз шаар" долбоору менен интеграцияланган кырдаалдык борбор бар.
1 / 4

Бүгүн, 1-ноябрда, президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңыланган имаратына барды

2 / 4

Мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жайгашкан имарат толугу менен реконструкцияланып, заманбап талаптарга ылайык жабдылган

3 / 4

Бул жерде ыкчам бөлүмдөрдүн, тергөө кызматтарынын, нөөмөт бөлүгүнүн жана участкалык инспекторлордун натыйжалуу иштеши үчүн ыңгайлуу жана функционалдык шарттар түзүлгөн

4 / 4

Кеңседе "Коопсуз шаар" долбоору менен интеграцияланган кырдаалдык борбор бар

Милициянын жаңы имаратында жарандарды кабыл алуу жана кайрылууларды кароо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнү белгиленди.
Адылбек Касымалиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады