БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Канаданын премьер министри Марк Карни Дональд Трамптан аны таарынткан жарнама үчүн кечирим сураганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Онтарио провинциясынын бийлиги АКШнын мурунку президенти Рональд Рейгандын 1987-жылы айткан сөзүн колдонуп, тарифтерге каршы жарнаманы жарыялаган. Тасмада Рейган тарифтер массалык жумушсуздукка, соода согушуна жана экономикалык апаатка алып келерин айткан.
“Ооба, мен президенттен (Трамптан – ред.) аны таарынткан жарнама үчүн кечирим сурадым”, — деген Канаданын премьери.
АКШ президенти 25-октябрда жарнамага ачууланып, аны өчүрүүнү талап кылган. Ал Канада менен соода сүйлөшүүлөрүн токтотуп, Оттавага каршы алымдар дагы 10 пайызга көтөрүлгөнүн айткан.
Рейган фонду тасмада мурдагы президенттин сөзү бурмаланып калганын билдирген. Алар экс-президенттин сөзү тарифтерди айыптоо эмес, эркин жана адилеттүү соодага чакырык экенин белгилешкен.