БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинети кайра иштетүүгө, өндүрүштө кайрадан колдонууга жарактуу калдыктарды көмүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Кеп курамында металл, пластик, айнек, кагаз, аккумулятор, электрондук компоненттери бар калдыктар тууралуу болуп жатат.
Өкмөт учурдагы калдыктардын колдонулушу, сакталышы жана көмүлүшү жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу колдонууга жатпай турганын, абал биологиялык ар түрдүүлүктүн жок болушуна жана жердин такырлануусуна алып келерин айткан.
“Таштанды заводдору жок болгондуктан катуу калдыктарды көмүү иши чоң көйгөй жаратат”, — деп айтылат документте.
Демилгечилер калдыктардан пайдалуу элементтерди чыгарып калуу менен таштандынын көлөмүн азайтса болорун белгилешкен. Мындан улам кайра колдонулуучу ресурстардын рыногу өнүгүп, калдыксыз технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.