БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын мектеп директорлорунун III форуму аяктады.
Иш-чарага Кыргызстандын 273 жана Россиянын 20 мектеп директору катышып, аймактар аралык диалог жана билим берүүнүн актуалдуу маселелерин биргелешип чечүүнү талкуулашкан.
"Евразия" уюму уюштурган “Россия жана Кыргызстан мектептеринин боордоштугу" стратегиялык сессиясы форумдун негизги бөлүктөрүнүн бири болду. Анын алкагында эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери боордош мектептердин бирдиктүү жол картасын түзүү маселесин карашты. Бул документ биргелешкен демилгелерди системалаштыруу, тажрыйба жана ресурстар менен алмашууну шарттайт”, — деп белгиленген маалыматта.
“Евразия” уюмунун Билим берүү программалары департаментинин жетекчиси Екатерина Дынниктин айтымында, мекеме документти ишке ашырууга көмөктөшөт жана мектептерге керектүү колдоо көрсөтөт.
"Евразия" бейөкмөт уюму эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүп, салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууну максат кылат. Ошондой эле социалдык маанилүү демилгелерди колдойт жана ар кандай маданиятты алып жүргөн адамдарга бири-бири менен баарлашууга шарт түзөт. Билим берүү, медицина, жаштар чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырат.