БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда милиция күнүнө карата ички иштер органдары үчүн 35 имарат пайдаланууга берилгенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мындан тышкары, ИИМге 101 автоунаа тапшырылды. Алардын баары аймактарга жөнөтүлөт.
Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында видеокамералардын санын 20 миңге чейин көбөйтүүнү тапшырганын (азыр алардын саны 4 миң) жана ИИМдин штаты кеңейтилерин билдирди.
Президент Садыр Жапаров
© Фото / пресс-служба президента КР / Эргеш Жусубалиев
“Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчиликти, адилеттик менен калыстыкты күтүшөт, талап кылышат. Ошондуктан ар бириңиздер “Милиция элдин кызматында” деген ыйык сөздү жүрөгүңүздөргө сактап, аны иш жүзүндө далилдеп туруңуздар”, — деп белгилеген президент.
Ошондой эле Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үй пайдаланууга берилди. Президент мамлекет бир дагы милиция кызматкерин турак жайсыз калтырбай турганын убада кылды. Ал акыркы 5 жылда ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасынын 85%ы жаңыланганын, кызматкерлердин айлыгы эки эсе көтөрүлгөнүн белгиледи.