Трамп АКШ америкалыктарга тамак-аш талондорун убагында төлөй албай турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. АКШнын өкмөтү шатдаундан улам америкалыктардын тамак-аш талонун өз убагында төлөй албайт. Бул тууралуу президент Дональд Трамп Truth Social социалдык баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.
Ал соттон Ак үй тамак-аш талонун каржылоонун мөөнөтүн мыйзам чегинде кантип узарта аларын түшүндүрүүнү суранган.

“Түшүндүрмөнү тез арада алсак деле, тилекке каршы, акча бөлүнгөнчө (талондорду төлөп берүү — ред. ) кармалат”, — деген Трамп.

Жума күнү АКШнын соту шатдаундан улам администрацияга азык-түлүк программасын (SNAP) токтотууга бөгөт койду. 1-ноябрдан тартып америкалыктарга азык-түлүк талондорун берүү токтойт, буга узарып кеткен шатдаун себеп. Азык-түлүк жардамы каралган программаны 42 миллион киши колдонуп келген, бул жалпы элдин сегизден бир бөлүгү. Талон менен жан багып келгендердин үч миллиону Нью-Йорк штатында жашайт.

АКШдагы шатдаун

АКШда финансылык жыл адатта 1-октябрдан башталат. Ага чейин Конгресс толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек. Бирок ал процесстин ишке ашпаганы федералдык бийликтин ишин токтотууга аргасыз кылды.
АКШ президенти Дональд Трамп шатдаундун жоопкерчилигин демократтарга жүктөп, аны кызматкерлерди жана төлөмдөрдү жапырт кыскартуу үчүн, ошондой эле Республикалык партияга жакпаган программалардан кутулуу үчүн колдонорун айтып сөөмөй кезеген.
Республикачылар Конгресстин эки палатасын көзөмөлдөйт, бирок Сенаттын өкмөттү каржылоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алууда 60 добушу керек, анткен менен сенаторлор ал көрсөткүчкө жете алган жок.
Ак үйдүн Улуттук экономикалык кеңешинин жетекчиси Кевин Хассет 5-октябрь күнү өкмөт ишинин узакка токтоп турушу жумуш орундарынын кыскарышын жана жума сайын ички дүң продукциянын 15 миллиард долларга чейинки жоготуусун шартташы мүмкүн экенин билдирген.
Шатдаундан улам Нью-Йорк штатында өзгөчө кырдаал режими кирди