Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Касымалиев өз сөзүндө соңку жылдарда милиция, сот, прокуратуранын бирдиктүү ишинин натыйжасында коом криминал, уюшкан кылмыштуу топ жана коррупциядан тазаланганын белгиледи. Ошондой эле жазага тартылгандардын саны бир кыйла азайганына токтолду. Алсак, 2003-жылы 16444 адам жазага тартылса, 2024-жылы 7051 адам жазага тартылган. “Кыргыз милициясы коомдун толкундоолорунда, криминал расмий бийлик менен тизгин талашкан учурларда баарын тартипке келтире турган күч, элдин үмүтү жана тиреги болду”, — деди Касымалиев. Министрлер кабинетинин жетекчиси заманга жараша пайда болгон кылмыштын жаңы түрлөрү менен күрөшүүгө кыргыз милициясынын билими, интеллектуалдык деңгээли, күчү жетерине ишеним артты.
2025-жылы 9 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстан боюнча жалпы керектөө 13,8 млрд кВт/саатты түздү. Бул тууралуу бүгүн Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 9 айдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегияда белгилүү болду. Ведомствонун маалыматына караганда, ал эми республикада жалпысынан 11,3 млрд кВт/с электр энергиясы өндүрүлдү.Андан тышкары, Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн 2,7 млрд кВт/с электр энергиясы импорттолду.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында биринчи жолу бөйрөк трансплантациясында иммунологиялык тестирлөө методикасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Иммунологиялык изилдөө донор менен реципиенттин Human Leukocyte Antigens системасы боюнча гисто шайкештигин аныктоого, белгилүү донордун клеткаларына реакция кылуучу антителолорду аныктоо үчүн “crossmatch” тестин жүргүзүүгө, ошондой эле бейтаптын сезимталдык деңгээлин чагылдырган PRA көрсөткүчүн эсептөөгө багытталган. Бул изилдөөлөр заманбап трансплантологиянын негизги элементи болуп саналат жана донорду жекече тандоого, органды четке кагуу коркунучун алдын ала баалоого жана иммуносупрессивдик дарылоону тууралоого мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада курч жана өнөкөт четке кагуу учурларынын саны кыскарып, трансплантацияланган бөйрөктүн иштөө мөөнөтү узарат. Генетикалык тестирлөө системасын жолго коюу улуттук саламаттык сактоо системасы үчүн стратегиялык мааниге ээ. Келечекте бул трансплантациялык коопсуздук системасын түзүүнүн негизин түзөт, чет өлкөлүк лабораторияларга болгон көз карандылыкты азайтып, клиникалык чечимдерди кабыл алуу процессин тездетет жана элдин улуттук медицинага болгон ишенимин арттырат.
Пентагон Ак үйгө Украинага алыскы аралыкка учуучу "Томагавк" ракеталарын өткөрүп берүүгө уруксат бергенин CNN телеканалы АКШдагы жана Европадагы ишенимдүү маалымат булактарына таянуу менен жазды.Американын Согуш министрлиги бул курал-жарак запастарына зыян келтирбейт деген бүтүм чыгарган. Акыркы саясий чечим президенттин колунда."Бириккен штаб Ак үйгө өзүнүн бүтүмүн ушул айдын башында, Трамптын Зеленский менен жолугушуусунун алдында эле берген", — деп айтылат телеканалдын сайтындагы маалыматта.Муну адегенде АКШнын союздаштары кубаттаган, бирок кийин Трамптын Киевге ракета жеткирүүгө макулдук бербей койгону аларды таң калтырганы айтылды.