Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Ушул жылдын башынан бери Кыргызстанда 5 чакан ГЭС ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 9 айдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегияда белгилүү болду. Ведомствонун маалыматына караганда, ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 41,29 МВтты түзөт. Алар: Аксы ГЭСи Боз-Учук ГЭСи Койсуу ГЭСи Ысык-Ата-2 ГЭСиКара-Көл ГЭСи Жылдын аягына чейин жалпы кубаттуулугу 3,93 МВтты түзгөн дагы 4 чакан ГЭСти ишке берүү пландалууда. Мындан тышкары, азыркы учурда өлкө боюнча кубаттуулугу 1,95 МВтты түзгөн күн электр станциясы иштеп жатат. Ошондой эле жалпы кубаттуулугу 3150 МВтты түзгөн 5 күн электр станциясын жана 1 шамал электр станциясын куруу боюнча компаниялар менен инвестициялык макулдашууларга кол коюлду.
УКМКга соттук-экспертизалык, криминалисттик, анын ичинде ДНК-анализдерди келишим менен жүргүзүүгө укук берилди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Садыр Жапаров "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" мыйзамга кол койду.Анда ведомствонун эксперттик-аналитикалык кызматтарды, экспертизаны ыкчам иликтөөдө эле эмес, ведомство же уюмдар аркылуу жарандардын сурамы менен көрсөтө тургандыгы айтылган. Акысы мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча мыйзамдарда белгиленгендей болот.Түзөтүүнүн демилгечилери 2024-жылы УКМКнын бөлүктөрүнүн биринде адамдын ДНКсына анализ жасаган лаборатория ачылганын билдиришти. Бул биологиялык текти аныктап, криминалисттик экспертизаны жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ал — мындай багыттагы өлкөдө ачылган бирден-бир жай.Кыргызстандыктардын көбү генетикалык иликтөө жүргүзүш үчүн адатта чет элдик адистерге кайрылып келишкен."Мындай анализ жүргүзүү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды алдын алып, бетин ачууда заманбап жана майнаптуу ыкмаларды издөөдө маанилүү чечим болуп саналат", — деп айтылган.
амарканд шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясынын алкагында Кыргызстандын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигине маек курду. Министр белгилегендей, Өзбекстанга болгон иш сапардын негизги максаты – бул өлкөнүн билим берүү системасы менен жакындан таанышуу, өз ара пикир алмашуу жана кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлүп жаткан мектептер менен байланыштарды чыңдоо болгон. Кендирбаеванын айтымында, Өзбекстандын Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү министрлиги менен мазмундуу жана иштиктүү сүйлөшүү өткөрүлүп, эки тарап кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктады. Анын алкагында Өзбекстандагы кыргыз орто мектептеринде иштеген мугалимдер жана тарбиячылар Кыргызстандагы тиешелүү окуу жайларда адистигин жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Бул демилге мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууга жана тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле министр Өзбекстандагы “Мектеп – 21” инновациялык долбоору өзгөчө кызыгууну жаратканын белгиледи. Анын айтымында, бул долбоор заманбап технологиялар тез өнүгүп жаткан учурда билим берүүнү санариптештирүү жана жаштардын келечектеги компетенцияларын өнүктүрүү жагынан Кыргызстан үчүн маанилүү үлгү болуп саналат.Мындан тышкары, министр Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Өзбекстандын Санариптик технологиялар министрлигинин ортосунда IT-кадрларды даярдоо жана билим берүү процессин санариптештирүү багытында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтык перспективалары талкууланганын кошумчалады.