Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын согушка деген каражаты качан түгөнөрү айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. 2026-жылдын февралында Украинанын согушка деген каражаты аягына чыгышы мүмкүн, буга АКШдан жардам кыскарып, насыялардын токтошу себеп болот. Мындай өңүттөгү макала британиялык Economist журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.
"Украина каражаттын тартыштыгына тушукту. Эгер абал өзгөбөсө февралдын соңунда акчасы түгөнүшү ыктымал", — деп айтылат материалда.
Басылманын айтымында, 2025-жылдын аягында Украинанын коргонуу үчүн каралган бюджетинин жана чет жактан келген жардамдын жалпы суммасы 360 миллиард долларга чамалап барат. Кокус согуш дагы төрт жылга созулса Киев 390 миллиард долларга чыгым болот.
"Украинанын үч каржы булагынын экөө соңуна чыгып баратат. Февралда Трамп президент болгондон кийин Киевге ай сайын бөлүнүп келген акча токтоду. Ал арада Украина ала турган жердин баарынан карыз алып бүттү. Бюджетинин таңсыктыгы расмий маалымат боюнча, ИДПнын бештен бир бөлүгүн түзөт, ИДПга карата мамлекеттик карыз согушка чейинки мезгилге салыштырмалуу эки эсе, тагыраагы, 110 пайызга өстү... Бир гана Европа калды", — деп жазылат макалада.
Анткен менен Европа мамлекеттери Россиянын тоңдурулган активдерин Украинага жардам берүү үчүн пайдалануу боюнча бир пикирге келе албай жатат. Макалада Евробиримдик Россиянын акчасын алган күндө да бул каражат керектүү 390 миллиард доллардын ордун жабууга жетпей турганы айтылган. Мындай кырдаалда европалык өлкөлөр биргелешип карыз берүү мүмкүнчүлүгүн гана кароого аргасыз болушат.

Россиянын тоңдурулган каражаты

Украинада атайын операция башталгандан кийин ЕБ жана G7 өлкөлөрү Россиянын валюта резервиндеги 300 миллиард еврону бөгөттөп салышкан. Анын 200 миллиарды Евробиримдикте, башкача айтканда, Euroclear клиринг системасынын эсебинде турат.
Өткөн жумада ЕБ мамлекеттери саммитте Еврокомиссиянын активдерди Киевдин муктаждыгы үчүн пайдалануу сунушуна ача пикир айтып, эпке келе албай коюшкан. Маселе кийинки жыйынга калды. Бельгиянын премьери Барт де Вевер эгер аталган каражат пайдаланыла турган болсо, тобокелчиликтердин баары ЕБ мамлекеттерине бирдей бөлүштүрүлүшү керектигин белгиледи. Анын айтымында, Евробиримдик активи Россияда сакталып турган батыш компанияларынын доосуна даяр болушу керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Красноармейскинин курчалышынан улам Батышта Зеленскийге кайрылуу жасалды