Иманкулов: тарыхты унуткарбоо — улуттук коопсуздуктун бир бөлүгү

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Тарыхты унуткарбоо улуттук коопсуздуктун бир бөлүгү экенин Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Москва шаарында өтүп жаткан "Россия жана КМШ элдери" аталышындагы эл аралык фестивалда айтты.
Ал Кыргызстан КМШнын чындыкты коргоо жана Улуу Ата Мекендик согуш тарыхын сактоо боюнча демилгесин колдоого аларын белгилеген.
"Тарыхты унуткарбоо — улуттук коопсуздуктун маанилүү бөлүгү. Кыргызстан менен Россиянын эли согуш каарына ийиндеше каршылык көрсөтүп, согуштан кийинки калыбына келүү жылдарында да чогуу болду, бир нанды бөлүп жешти, кайгыда да, кубанычта да бирге болушту, жеңиштин даамын да чогуу татышты. Азыркы өкүм сүргөн тынчтык кайдан кантип келгенин унутууга акыбыз жок", — деди Иманкулов.
Мамлекеттик катчы Кыргызстанда "Өчпөс тарых" долбоору иштээрин, анын алкагында окуучулар менен студенттер ардагерлердин баяндарын жазып, санарип архив түзүп, ал маалыматтарды келечек муунга өткөрүп берип жатышканын белгиледи.
"Биз муну менен жоопкерчиликти күчөтүп, коомчулуктун руханий иммунитетин бекемдеп жатабыз. Бүгүнкү күндө руханий баалуулуктар стратегиялык ресурска айланып, жаштар анын сактоочусу болууда", — деди ал.
Иманкулов Кыргызстан менен Россиянын маданий байланышынын терең тарыхына токтолгон. Анын айтымында, мындай фестивалдар, тажрыйба алмашуулар, маданият күндөрү, көргөзмөлөр, илимий конференциялар эки элдин ортосундагы алаканы барган сайын бекемдөөдө.
Бишкекте Михалковдун “12” спектакли коюлуп, өзү да ойноду