Башкы план боюнча, кичи райондорго азырынча реновация жайылтылбайт. Бул тууралуу Азирет Акимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, реновацияда башка мамлекеттердин да тажрыйбасы каралып, изилденип, анан программа түзүлөт.
"Реновация өзүнчө программа болуп эсептелет. Бул мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын программасы болушу мүмкүн. Башкача айтканда, кандайдыр бир органга милдеттеме жүктөлсө, алар программа түзүп чыгат. Реновация процессинде дүйнө жүзүндө бул иш кандай жасалып жатканы изилденип, такталып, ага кимдер катышышы керектиги каралып, анан программа түзүлөт. Башкы планда үйлөрдүн техникалык абалы да жазылат. Мисалы, чөлкөмдөштүрүүдө "шаардын бул жеринде мына мындай "хрущевка" же "сталинка" тибиндеги үйлөр бар экен. Алардын учурдагы техникалык көрсөткүчү мындай, ал жерде мынча киши жашайт. Бирок 2050-жылга чейин шаарда жашоочулардын санынын өсүшүнө карай бул зоналардагы үйлөрдү дагы бийиктетсе болот" деген негизги көрсөткүчтөр башкы планда каралат. Бирок дароо эле келип "ушул жерлер план боюнча өзгөрүшү керек экен" деп ал аймак реновацияга кирип калбайт. Мисалы, башкы планда кичи райондор ошол боюнча эле калган. Ал эми эски барак тибиндеги тамдар, 1930-жылга чейинки курулган кабат үйлөр бар. Мисалы, Шлагбаум, Интергельпо, Айни-Бакаев көчөлөрү жактагы эскилиги жеткен барак үйлөрдү айтсак болот. Ушул сейсмикалык туруктуулугу төмөн, 8 баллдык жана ага чейинки зоналардагы жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү куруп кубаттандыруу каралган", — деди Акимов.
Ал реновацияга кирген аймак толук изилденип, анын өзгөчөлүктөрүнө жараша программа түзүлөрүн белгиледи.
"Реновация программасы түзүлүп жатканда аны кантип ишке ашыруу керектиги боюнча жобосу да жазылат. Ага ошол жердеги жашоочулардын мыйзамдуу укуктары да катталат. Ушунун баары программа түзүлүп жатканда такталып жазылат. Мисалы, барак же "сталинка" тибиндеги тамда төрт жашоочу болсо, анын үчөө макул болуп, бири баш тартышы мүмкүн. Ушундай маселелер да келип чыгышы ыктымал," — деди Акимов.
Ал башкы планда реновацияны кантип жүргүзүү керектиги тууралуу маселе каралбай турганын кошумчалады.