БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жогорку окуу жайлардын 92 студенти өлкө башчынын колунан 60 миң сомдон алышты.
"Президенттик стипендия — бул жөн гана материалдык колдоо эмес. Муну менен биз окуу жайлардын илимий жана коомдук турмушуна өзгөчө салым кошкон, билимге, илимге, чыгармачылыкка умтулган, коомдун жашоосуна болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланган студенттерге шык берүүнү каалайбыз. Силердин бүгүнкү ийгилигиңер — профессордук-окутуучулар курамынын мээнетинин, ата-энелердин ар тараптуу колдоосунун жана өзүңөрдүн билим алууга болгон ынтызарлыгыңардын үзүрү", — деди ал.
Жапаров ошондой эле өлкөнүн билим берүү системасын эл аралык талаптарга жооп бергидей кылып жаңыртуу иштери жүрүп жатканын белгилеп, студенттердин дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна шарт түзүү аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.
Өлкө башчы ааламдашуу айдыңы терең билимди гана эмес, жаңы технологияларды тез өздөштүрүүнү, креативдүү, заман агымы менен тең жарыша ой жүгүртө билүүнү талап кылып жатканын белгилеген. Азыр алдыга умтулуу, жаңы табылгаларды үйрөнүү, илимий ачылыштарды жасоо, алардын негизинде жаңы идеяларды ишке ашыруу эң маанилүү артыкчылыкка айланды.
"Мындай учурда силер, жаштар, бардык тармактардагы заманбап өзгөрүүлөрдүн борборунда болушуңар зарыл. Азыркы тапта жаңы технологияларды, жасалма интеллектини пайдалануу менен IT–стартаптарды демилгелөө, агрардык чөйрөдө, экологияда инновацияларды түзүү, медицинада нанотехнология, биотехнология жана ген терапиясы менен ооруларды алдын алуу, экономикада жаңы экономикалык моделдерди, бизнес-стартаптарды сунуштоо, инженерияда акылдуу системаларды куруу, билим берүүдө жаңы ыкмалар менен окутууну жакшыртууга заманбап сунуштарды даярдоо, көркөм өнөр жана маданиятта дижиталдык искусство, мультимедиа менен улуттук мурасты айкалыштырып жайылтуу, экотуризм аркылуу өлкөнү дүйнөгө таанытуу, коргоо жана коопсуздукта киберчабуулдарга каршы системаларды ойлоп табуу жана башка маселелер курч турат. Силер ушул сыяктуу тармактардын баарында жаңы инновацияларды өздөштүрүү менен өлкөбүздү алдыга жылдырасыңар", — деди Жапаров.