РКӨФ инсулин шприцтерин чыгарган ишканага 350 миң доллар бөлөт

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрү боюнча инсулин шприцтерин чыгарган Кыргызстандагы жалгыз ишканага РКӨФ колдоо көрсөттү.
Заводду кеңейтүү жана заманбап жабдууларды сатып алуу үчүн РКӨФ 350 миң доллар бөлгөн. Натыйжада ишкана бир нөөмөттөгү кубаттуулугун 300 миң шприцтен 500 миңге чейин жогорулатат.
Компания 0,5 мл көлөмүндөгү инсулин шприцтеринен тышкары 2, 5, 10 жана 20 мл көлөмүндөгү шприцтерди да чыгарат. Продукция Кыргызстан менен катар ЕАЭБ өлкөлөрүнө да тарайт.
Фонд бул компания менен 2016-жылдан бери иштешип келет. Быйыл РКӨФ 500 миң долларлык масштабдуу долбоорду ишке ашырганы турат. Модернизациянын жыйынтыгында компания жылына түрдүү модификациядагы 500 миллион шприц чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алат. Фонддун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, Россия 2026-жылга 450 миллион шприц буйрутма берди.
Кыргызстандын тоңдурулган жер-жемиши дүйнөлүк рынокко чыгууда