Путин "Россия жана КМШ элдери" фестивалынын маани-маңызын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Россия жана КМШ элдери" эл аралык фестивалы Шериктештик мейкиндигинде маданияттар жана улуттар аралык диалогду илгерилетүүгө өбөлгө боло алат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин иш-чаранын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда айтты.
Өлкө башчысынын сөзүн РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу окуп берген.
"Фестиваль Шериктештик мейкиндигинде маданияттар жана улуттар аралык диалогду, кызматташууну илгерилетип, жалпысынан ар тармактагы байланыштарды кеңейтүүгө шарт түзгөн аянтча болуп берерине ишенем", — деди Путин.
"Россия жана КМШ элдери" эл аралык фестивалы быйыл биринчи жолу Москвада тартууланды. Иш-чара Россияда 4-ноябрда белгилене турган Элдердин биримдик күнүн утурлай РФ Коопсуздук кеңешинин колдоосу менен өтүп жатат.
Иманкулов: тарыхты унуткарбоо — улуттук коопсуздуктун бир бөлүгү