БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. АКШнын өзөктүк куралды сыноо иштерин жандантышы өзөктүк согушту жакындатат. Мындай пикири менен Германиянын "Сары Вагенкнехт союзу — Акыл-эс жана адилеттүүлүк үчүн" партиясынын тышкы саясат боюнча эксперти Севим Дагделен бөлүшкөн.
Эскерте кетсек, бейшемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп өзөктүк программалары бар мамлекеттер менен "теңтайлаша" өзөктүк куралды сыноо аракеттерин токтоосуз баштоо буйругун бергенин билдирген.
Дагдалендин айтымында, кырдаал Вашингтондун куралсыздануу боюнча маанилүү макулдашуудан чыгып кеткенинен улам да курчуп жатат. Мындай кадам АКШнын көптөн бери жүргүзүп келе жаткан саясатынан четтеп жатканын көрсөтөт.
"Россия да, АКШ да өзөктүк элемент камтылган курал-жарак, техниканы байма-бай сыноодон өткөрүп келет. Чыныгы өзөктүк сыноолор тыюу салынган эрежени бузуп, өзөктүк согушту жакындатат", — деген эксперт.
Трамптын билдирүүсүнөн кийин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков өзөктүк курал сыноого киргизилген мораторий күчүндө экенин билдирген. Ал эми Өзөктүк сыноолорду жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча келишим уюмунун аткаруучу директору Роберт Флойд өзөктүк сыноолордун бардык түрү эл аралык коопсуздукка доо кетирерин айтты.