БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Город 312" тобунун солисти Ая (Светлана Назаренко) инсульт алгандан кийин сахнага чыгып, "Золотой граммофон" сыйлыгынын мааракелик иш-чарасында "Останусь" чыгармасын ырдап берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Азем кечээ Москвадагы "ВТБ Аренада" өткөн.
"Бүгүн биздин Ая дээрлик 2,5 жылдан кийин биринчи жолу сахнага чыгып жатат. Ооба, азырынча гастролдой албайт, бирок бүгүн аябай даярданды. Баары жакшы болоруна ишенебиз, Ая акырындап калыбына келип жатат. Дайым жанындабыз, ал баягыдай эле коллективдин толук кандуу мүчөсү", — дешкен топтогулар.
Музыканттар "Город 312" тобу Назаренконун сакайышына жардам берүү үчүн иштей баштаганын билдиришти.
"Русское радио" тарабынан негизделген "Золотой граммофон" сыйлыгы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет.