Кыргызстанда жаан карга айланып, үшүк жүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт.
Чүйдө 4-5-ноябрда жана 6-ноябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт. Түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус болот.
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5 градуска чейин жылыйт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +1…+6 градус жылуу болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3 градуска жетет.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +1...+6 градус болот.
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+4, тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10 градуска чейин суук болот.
6-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Мындай аба ырайы жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошкага, кант кызылчасына коркунуч жаратат.
Жамгыр жаайт. Бир аптага карата аба ырайынын божомолу