БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Эгерде тарыхты кайра өзгөртүп жазууга мүмкүнчүлүк берсек, маңкуртка айланабыз. Бул туурасында мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Москвада "Россия жана КМШ элдери" аталышындагы эл аралык фестивалда айтты.
Ал VI бүткүл россиялык форумдагы "Россия жана КМШ элдеринин тарыхый элесин, эстеликтерин коргоо" аттуу секцияда сүйлөдү.
Иманкулов Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргызстандыктардын эрдиктерин эске салды.
Анын айтымында, республикада ошол кезде жашаган 1,5 миллион калктын ичинен 400 миң адам майданга жөнөп, алардын жарымы, тагыраагы, 180 миңге чукулу кайтып келген эмес. Ал өзүнүн бир чоң атасы согушта курман болуп, экинчиси майыптык алып кайтканын айтты.
Мамлекеттик катчы белгилегендей, оорукта аялдар, кары-картаңдар жана балдар жеңиш үчүн болгон күчүн жумшап, талыкпай эмгектенишкен.