Күз-кыш мезгилинде өлкөдөгү эң орчундуу иштердин бири калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Анткени бул маалда керектөө көлөмү кескин өсүп, электр тармактарына көп күч келет. Ошондуктан алдын ала даярдык көрүү, жабдууларды оңдоп-түзөө жана авариялык кырдаалдарга жол бербөө аракеттери абдан маанилүү. Бул нерсе суук мезгилде элдин жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз камсыз болуусун шарттайт.
Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында дал ушул күз-кыш мезгилинде калкты электр энергиясы менен камсыздоо тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Исмаилов жооп берди.