VI Ислам шериктештик оюндарына катыша турган спортчуларга мамлекеттик туу тапшырылдыТаш-Көмүрдө 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилдиУлуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик изилдөө жүргүзүү укугу берилдиАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзам менен улуттук коопсуздук органдарына соттук-эксперттик, криминалистикалык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү укугун, анын ичинде келишимдик негизде, аларды өндүрүү жана төлөөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу укуктар берилет.
Бүгүн Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аталган турак үй Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан толук реконструкциядан өткөн. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев катышты. Камчыбек Ташиев өз сөзүндө жаңы турак жай ээлерин куттуктап, бул иш-чара мамлекеттин жарандардын жашоо шартын жакшыртууга, социалдык туруктуулукту камсыздоого багытталган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Бүгүн, 31-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда VI Ислам шериктештик оюндарына катыша турган спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Кыргызстандын курама командасынын өкүлдөрү Илим Бакытбек уулу менен Айпери Медет кызына мамлекеттик туу тапшырылды. Эдил Байсалов кыргыз спортчуларынын Ислам шериктештик оюндарындагы катышуусу өлкөнүн биримдигин чыңдоого жана спорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң салым кошорун белгиледи. Өз кезегинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев спортчулар өлкө намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтыктарга жетээрине ишенимин билдирди. Белгилей кетсек, VI Ислам шериктештик оюндарында өлкө намысын 19 спорт түрү боюнча 137 спортчу коргойт.
"Мелисса" бороону Бермуд аралдарынын түндүк-батышынан өтүп, Кариб деңизинде кеминде 49 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бороон күч алып, шамалдын туруктуу ылдамдыгы саатына 160 чакырымга жеткен. Каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн. Гаити бийлиги 30 адам, анын ичинде балдар каза болгонун маалымдады. Ямайка 19 адамдын өлүмүн ырастады. Кубада адам курмандыктары катталган жок, бирок арал олуттуу зыян тартты. "Мелисса" бороону Кариб деңизинде катталган эң күчтүү үч бороондун катарына кирди.