Жапаров: энергетика тармагындагы карызыбыз 137 млрд. сомдон 25 млрд. сомго түштү

Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандын энергетика тармагындагы карызы беш жылда 137 миллиарддан 25 миллиард сомго түштү. Бул тууралуу мамлекеттин башчысы Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген комментарийинде айткан.

"Азыр кырдаал беш жыл мурдагыга салыштырганда кыйла жакшы. 2021-жылдын башында энергетика жаатындагы карыз 137 миллиард сом же 1,5 миллиард долларды түзгөн. Бул тармактагы реформанын, коррупцияны жана уурулукту жок кылганыбыздын натыйжасында азыр болгону 25 миллиард сом карыз калды", — деген президент.

Жапаров энергетиктер аталган сумманы толук жоюп киреше алууга ниеттенип жатканын кошумчалаган.
"Эки жарым жылдан кийин башка өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттобой, өз керектөөлөрүбүздү өз күчүбүз менен жаап баштайбыз, кышкысын өчүрүү болбойт деп турабыз", — деген президент.
Бишкек электр кубаты менен кантип камсыздалат. Башкы пландын долбоору