БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Гимхэ авиабазасында өткөнүн Ак үйдүн маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет жетекчилеринин сүйлөшүүсү 1 саат 40 мүнөткө созулду.
Америка лидери Пекин менен Вашингтон буга чейин көптөгөн маселелер боюнча макулдашууга жетишкенин жана саммиттин жүрүшүндө иш улана турганын билдирди.
"Дискуссия болот. Биз буга чейин эле көп нерсени макулдашканбыз, азыр айрым башка жагдайларды талкуулайбыз", — деди Трамп.
Ал ошондой эле жолугушуудан кийин Кытай менен соода келишимине кол коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. Си Цзиньпин менен дайыма жакшы мамиледе болгонун да белгиледи.
"Президент Си — улуу өлкөнүн улуу лидери. Ортобузда узак мөөнөттүү эң сонун мамиле болот деп ишенем", — деди ал.
Анткен менен Трамп Кытай лидеринин "тоң моюндугун" белгилеп, бул жакшы көрүнүш эмес деп сыпаттады.
Си Цзиньпин Кытай менен АКШ бири-бирине гүлдөп-өнүгүүгө жардам бере аларына токтолду. Ал Кытай менен Американын өнөктөш жана дос болушу керек деген позицияны ачык жактап келерин белгиледи. КЭР лидеринин айтымында, Кытайдын өнүгүшү президент Трамптын "Американы кайрадан улуу державага айлантуу" максатына каршы келбеши керек.
"Мен Кытай — АКШ мамилелеринин бекем пайдубалын түптөө жана эки өлкөнүн өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн президент Трамп менен кызматташууну улантууга даярмын", — деген ал.
Соода согушу
9-октябрда Кытайдын Соода министрлиги 8-ноябрдан баштап сейрек кездешүүчү орточо жана оор жер элементтерине, литий батареяларына жана жасалма графит анод материалдарына, сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу жана кайра иштетүү үчүн жабдууларга, чийки зат жана өтө күчтүү материалдарга тиешелүү айрым товарларга экспорттук көзөмөл киргизе турганын жарыялаган.
АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын "агрессивдүү позициясынан" улам 1-ноябрдан баштап же ага чейин кытай товарларына 100 пайыздык бажы төлөмү менен жооп берерин билдирген.
Кийинчерээк финансы министри Скотт Бессент АКШ бул чара эки өлкөнүн лидерлеринин жолугуп, соода маселелерин талкуулоосуна мүмкүнчүлүк түзүшү ыктымал экенин билдирген.