Ташиев КМШ өлкөлөрүнө коркунуч туудурган көрүнүштөрдү санады

Sputnik
МАНАС, 30-окт. — Sputnik. Чек ара коопсуздугун камсыздоодо жаңы чакырыктар пайда болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал Манас шаарында өтүп жаткан КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отурумуна катышууда.
Ташиев трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңгизат менен курал-жаракты аткезчилик менен ташуу, мыйзамсыз миграция КМШ мамлекеттери үчүн коркунуч жаратарын айтты. Ал белгилегендей, гибриддик жана киберкоркунучтар, маалыматтык чабуулдар, кылмыштуу топтордун заманбап технологияларды, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуусу барган сайын кооптуу болуп барат. Ошондой эле куралдуу кагылышуулардан жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн улам келип чыккан массалык миграция КМШнын чек араларына кошумча оорчулук келтирип, гуманитардык кризистерди күчөтүүдө.
"КМШ өлкөлөрү бул маселелерди чече алат. Биргелешкен атайын чек ара операциялары кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо натыйжалуулугун далилдеди. Бул багыт координациялоо механизмдерин андан ары өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү талап кылат", — деди Ташиев.
Ал акыркы жылдары чек ара маселелерин чечүүдө маанилүү жылыштар болуп, үстүбүздөгү жылдын март айында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге кол коюлганын эске салды.
"Кызматташтыктын дагы бир ийгиликтүү мисалы катары 2022-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын айрым тилкелери боюнча келишимге жана 2025-жылы үч мамлекеттин чек аралары кесилишкен чекит боюнча кол коюлган үч тараптуу келишимди айтсак болот. Бул кадамдар биздин лидерлердин саясий эркинин жана өз ара түшүнүшүүгө умтулуусунун аркасында ишке ашты", — деди УКМК төрагасы.
Ал аткезчилик, киберчабуул жана мыйзамсыз миграция үчүн дрондордун колдонулушуна каршы биргелешкен операцияларды активдештирүү, ошондой эле кадрларды окутуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады.
Манаста КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин отуруму өтүүдө