Ага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын делегациялары катышты.
Мындан тышкары, иш-чарага Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин координациялык кызматынын өкүлдөрү, КМШ, ЖККУ, ШКУ, Чек ара кызматынын ардагерлеринин эл аралык союзунун түзүмдөрүнүн жетекчилери жана расмий өкүлдөрү да келген.
Жетекчилер трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизат жана курал-жаракты аткезчилик менен ташууга, мыйзамсыз миграцияга каршы туруу аракеттерин талкуулашты.