БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстан Россияга жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен кинодолбоор түзүүнү сунуштады.
Мындай демилгени "Кыргызфильм" киностудиясынын башкы редактору Акылбек Мураталиев Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын маданият боюнча жумушчу тобунун жыйынында билдирди. Ага эки өлкөнүн маданият министрлери Ольга Любимова менен Мирбек Мамбеталиев да катышкан.
Мураталиев 2022-жылы Санкт-Петербургда Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" долбоору питчингде (каржылоого даяр инвесторлорду табууга багытталган кинодолбоордун бет ачары – ред.) жеңишке жеткенин эске салды. Ал ошол сценарийдин негизинде биргелешип тасма тартууну сунуштады.
"Бул Айтматовдун мааракесин белгилөөгө жана Кыргызстан менен Россиянын маданий кызматташтыгын бекемдөөгө маанилүү салым болот", — деди Мураталиев.