БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү иштери туурасында Агартуу министрлигинин мектептеги билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигиндеги брифингге катышты.
Агартуу министрлигинин мектептеги билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова
© Sputnik / Жантай Макенов
"Бул багытта жакынкы арада жарыяланып, маалымдала турган жол карта иштелип чыкты. Биз жаңыдан баштабайбыз, буга чейин бир топ иштер башталып калган", — деди Брызгалова.
Анын айтымында, биргелешкен иштердин алкагында республиканын базасынан таяныч боло турган негизги мектептерди түзүү пландалган. Анда орус тилинде иштеген мугалимдер үчүн окутуу-методикалык жактан көмөктөшүү каралат.
"Биздин тарыхыбыз бир, эскерип, эстей тургандарыбыз да бир. Жеңиштин 80 жылдыгын белгиледик, тарыхый окуяларды туура кабыл алып, түшүнгөн деңгээлибизди сактап калышыбыз керек", — деген ал.
Брызгалова кызматташуу мектепке чейинки билим берүүнү эле эмес, жогорку жана кесиптик билим системасын да камтый тургандыгын айтты.