БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 2030-жылга чейин өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмүн киши башына 4 500 долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан 2030-жылга чейинки өнүгүү программасын талкуулаган Улуттук өнүктүрүү форумуна катышты.
Касымалиевдин кебинин урунттуу учурлары:
ИДПны киши башына 4 500 долларга чейин жеткирүү;
ИДПнын көлөмүн 30 миллиард доллардан кем эмес кылуу;
ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8 пайыздык деңгээлинде камсыз кылуу;
алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү;
адамдын өнүгүү индекси боюнча рейтингдеги көрсөткүчтү 10 позицияга жакшыртуу;
жумушсуздук 5 пайыздан ашпашы керек;
мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ИДПга карата 60 пайызга чейинки деңгээлде кармоо.