Айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн айыл чарба продукцияларына кошумча нарк салыгы азайтылды. Бул тууралуу Бакытбек Орозакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, механизм узак мөөнөттө жакшы натыйжа берет.
"Тармакты өнүктүрүү үчүн айыл чарба продукцияларына кошумча нарк салыгы 80 пайызга азайтылды. Ассоциациялардан, дыйкандардан да буга чейин ушундай жеңилдиктерди берүү өтүнүчү болгон. Токтом иштей баштаганда бюджетке бир аз күч келгени менен узак мөөнөттө жакшы натыйжа берет. Анткени жеңилдиктин негизинде салык төлөбөй качып жүргөндөр мыйзам жолуна түшүп, көмүскө экономика кыскарат. 2030-жылга чейин боюджетке кошумча каражат түшө баштайт. Анан, албетте, айыл чарба продукцияларынын баасы түшүп, турукташат. Болжол менен баа 10-12 пайызга төмөндөйт", — Орозакунов.
Ошондой эле ал бул чара кайра иштетүү тармагынын өсүшүн да стимулдаштыра турганын кошумчалады.