Кыргызстандын ички рыногундагы онлайн-соода 525 млн. долларга жетти

Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 2025-жылы ички электрондук коммерция рыногу 525 миллион долларга жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев E-commerce EXPO Central Asia 2025 эл аралык электрондук коммерция форумунда билдирди.
Өсүш былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 15 пайызга жеткен. Касымалиев белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында онлайн-соода 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 56 пайызга өсүү менен 1,7 миллиард сомду жана 1 миллионго жакын транзакцияны түзгөн.
"Кыргызстан үчүн электрондук коммерция жөн гана жаңы багыт эмес, экономикалык өсүштүн жана аймактык, глобалдык жеткирүү чынжырларына интеграциялоонун кубаттуу куралы болуп калды. Акыркы жылдары биз онлайн-сатуунун, санариптик төлөмдөрдүн, логистикалык жана каржылык инфраструктуранын тездик менен өнүгүп жатканын көрүүдөбүз. Бул чакан жана орто бизнес үчүн санариптик экономикага катышууну жеңилдетүүдө", — деди минкаб төрагасы.
Касымалиевдин айтымында, Электрондук коммерция паркы иштелип чыгат. Ага ишкерлерди колдоо, санариптик инфраструктураны жана логистиканы түзүү платформасы кирет.
Мындан тышкары, жеңилдетилген салыктык жана укуктук база киргизилген. Мисалы, e-commerce катышуучулары соода жүгүртүүнүн 2 пайызын түзгөн атайын салык режиминен, кошумча нарк салыгынан, киреше салыгы менен сатуудан алынуучу салыктан бошотулган.
Пресс-борбор
Адис: Кыргызстанда электрондук соодага артыкчылык көбүрөөк берилип жатат