МАНАС, 30-окт. — Sputnik. Манас шаарында КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отуруму өтүп жатат.
Жыйынга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын делегациялары катышууда.
Мындан тышкары, иш-чарага Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин координациялык кызматынын өкүлдөрү, КМШ, ЖККУ, ШКУ, Чек ара кызматынын ардагерлеринин эл аралык союзунун түзүмдөрүнүн жетекчилери жана расмий өкүлдөрү да келген.