БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстандан 798 килограмм синтетикалык баңгизат табылды, былтыр болгону 34 килограмм эле. Бул туурасында Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын профилактика бөлүмүнүн башчысы Каныбек Үсөнов Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда айтып берди.
Кыргызстандын рыногунда негизинен Афганстандын баңгизатты, жергиликтүүлөрү (нашаа, кара куурай) жана андан сырткары, синтетикалык заттар бар. Бул убакыттын ичинде баңгизат менен аны жасоодо колдонулган 4,7 тонна заттар алынган.
"Синтетиканы" жасоо дүйнөдө улам арбып бара жатат. Кыргызстанда да быйыл эле мындай максаттагы беш лаборатория табылган. Алардын төртөө Чүй облусунда, бирөө Бишкекте болуп чыкты. Бул үчүн үйдү атайылап ижарага алып, жаңы психоактивдүү заттарды синтездештирүү иштерин жасашат", — деген Үсөнов.
Ал баңгизат менен алектенгендерге каршы күрөш токтобостугун, өлкөгө кирген жүктүн баары кылдат текшериле турганын, себеби бажы, почта кызматтары менен байланыш жолго коюлганын белгиледи. Мындай системадан улам шектүү товар чек арага киргизилери менен билинерин кошумчалаган.