Бишкекте түштүк айланма жол кайсы жерлерден өтөт. Башкы пландын долбоору

Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкекте түштүк айланма жол кайсы жерлерден өтө турганын борбордун башкы архитекторунун орун басары Азирет Акимов айтып берди.
Ал түндүк айланма жолу менен кошулуп, шакекчени түзө турганын түшүндүрдү.
Бишкектин башкы планы боюнча, 2050-жылга чейин эки жол биригип калары маалым болду.
Түштүк айланма жолу батыштан чыгышты көздөй автоунаа базары — Күнтуу — Байтик — Заречное — Беш-Күнгөй —Ала-Тоо совхозу — Новопокровка аймактары аркылуу өтмөкчү.
"Эгерде башкы планды бекитсек, анда жолду майда-чүйдөсүнө чейин, маршрутту жана техникалык параметрлерин түзүп чыгабыз", — деди Акимов.
Бишкектин транспорттук тутуму кандай өзгөрөт. Башкы план