Бишкектеги конуштарда төрт кабаттан көп үйлөрдү курууга тыюу салууну карап жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы конуштарда 5 кабат үйлөрдү курууга тыюу салууну карап жатышат. Бул туурасында Бишкектин башкы архитекторунун орун басары Азирет Акимов айтты.
Ал 1-2 кабат үйлөрдүн жанына беш кабаттан ашык үй салууга болбостугун белгиледи.

"Азыр кээ бир конуштарда жер тамдардын арасында 5, 9 жана 14 кабат үйлөр турат. Башкы план боюнча, мындай болбошу керек", — деди ал.

Акимов маалымат берип жатып жакынкы аралыкта Кара-Балта менен Токмокту бириктирген электричка каттап калышы мүмкүндүгүн айтты. Бул суроо да Бишкектин 2050-жылга чейинки иштелип чыккан башкы планына киргизилгенин билдирди.
"Шаардык электричка ишке киргизилсе, батыш менен чыгышты бириктирип турмак. Маселе "Кыргыз темир жолу" ишканасы менен макулдашылган", — деди башкы архитектордун орун басары Акимов.
Вице-мэр: Бишкектин кайсы аймактары реновация болору инвесторго байланыштуу