Байсалов Россиянын маданият министри менен кызматташууну талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын маданият министри Ольга Любимованы кабыл алып, бир катар маселелер ортого салынды.
Өкмөттүн маалымат кызматы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашканын кабарлады.
Байсалов Кыргызстан менен Россиянын мамилеси бекем тарыхый жана маданий байланыштарга негизделгенин белгилеп, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган Кыргызстандын маданият күндөрү ийгиликтүү өткөнүн эске салды. Анын айтымында, ушу тапта Россиянын мадаиният күндөрү да ошол деңгээлде жүрүп жатат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда маданий байланыштарды андан ары чыңдоого жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ынтызарлыгын билдиришти.
Кыргызстан Россияга Айтматовдун 100 жылдыгына карата кинодолбоор түзүүнү сунуштады