Sputnik Ближнее зарубежье дүйнөнү селт эттирген кубаттуу термоөзөктүк бомбанын тарыхын баяндайт.
АН602 бомбасын Советтер Союзунун көрүнүктүү физиги, советтик атомдук бомбанын атасы Игорь Курчатов жетектеген команда, курамына дүйнөгө белгилүү советтик физик, ойлоп табуучу Андрей Сахаров кирген адистер иштеп чыккан.
Инженерлердин эрдиги. Башында 100 мегатонналык бомбанын кубаттуулугун радиациянын коркунучунан улам эки эсе азайтышкан. Анын зор өлчөмдөрү (8,5 метр, 24 тонна) ТУ-95 бомбалоочу учагын, өзгөчө парашют системасын кайра иштеп чыгууну талап кылган. Бул система жарылуу болгон жерден учактын коопсуз аралыкка жетип калышы үчүн зарыл болгон. Ошол эле учурда экипажга кайра кайтып келүүгө эч кандай кепилдик берилген эмес...
Жер шарын айланып өткөн жарылуу. Бомба Жаңы Жер аралдарынын үстүнөн төрт чакырым бийиктикте жарылган. От шар төрт чакырымдык радиуска чейин жетип, козу карындай кабатталган чаңдуу булут 67 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн. Сейсмикалык толкун Жерди үч жолу айланып өткөн. Жарылуу 1000 чакырым алыстан да көрүнгөн, ал эми эпиборбордон 400 чакырым аралыкта жайгашкан үйлөр талкаланган. Бомбаны ташыган учак жарылуудан улам 2,5 чакырым ылдый түшүп кетип, 40 мүнөткө чейин байланыш болбой калган.
"Эпиборбордон 50 чакырым радиуста баары күйүп кеткен. Жарылуудан мурда бул жерде адамдын бою жеткендей кар жаткан", — деп эскерген сыноого катышкан Юрий Лысенко.
Бул сыноо СССР чексиз кубаттуу термоөзөктүк дүрмөттөрдү жасай ала турганын дүйнөгө көрсөттү. Өзөктүк тең салмактуулукту орнотууда маанилүү роль ойноп, кезегинде мындай сыноолорду тыюу салган келишимге кол коюлушуна өбөлгө түзгөн.