Чек ара коопсуздугун камсыздоодо жаңы чакырыктар пайда болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал Манас шаарында өтүп жаткан КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отурумуна катышты. Ташиев трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңгизат менен курал-жаракты аткезчилик менен ташуу, мыйзамсыз миграция КМШ мамлекеттери үчүн коркунуч жаратарын айтты. Ал белгилегендей, гибриддик жана киберкоркунучтар, маалыматтык чабуулдар, кылмыштуу топтордун заманбап технологияларды, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуусу барган сайын кооптуу болуп барат. Ошондой эле куралдуу кагылышуулардан жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн улам келип чыккан массалык миграция КМШнын чек араларына кошумча оорчулук келтирип, гуманитардык кризистерди күчөтүүдө. "КМШ өлкөлөрү бул маселелерди чече алат. Биргелешкен атайын чек ара операциялары кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана мамлекеттер ортосундагы ишенимди чыңдоодо натыйжалуулугун далилдеди. Бул багыт координациялоо механизмдерин андан ары өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү талап кылат", — деди Ташиев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын маданият министри Ольга Любимованы кабыл алып, бир катар маселелер ортого салынды. Өкмөттүн маалымат кызматы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашканын кабарлады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда маданий байланыштарды андан ары чыңдоого жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ынтызарлыгын билдиришти.
Өлүм жазасын кайтаруу зордук-зомбулук көйгөйүн чечпейт. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Бириккен улуттар уюмунунун туруктуу координатору Антье Граве жана Бириккен улуттар уюмунунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен болгон жолугушууда билдирди. Акыйкатчы өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине, өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын өлүм жазасын жоюуга багытталган Экинчи факультативдик протоколуна каршы келерин белгиледи. Бириккен улуттар уюмунун өкүлдөрү акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертти. Аны менен бирге өлкөнүн эл аралык аброюна да доо кетирерин кошумчалашты.
Кыргызстан менен Россиянын бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү иштери туурасында Агартуу министрлигинин мектептеги билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Ольга Брызгалова айтып берди. Анын айтымында, биргелешкен иштердин алкагында республиканын базасынан таяныч боло турган негизги мектептерди түзүү пландалган. Анда орус тилинде иштеген мугалимдер үчүн окутуу-методикалык жактан көмөктөшүү каралат. Брызгалова кызматташуу мектепке чейинки билим берүүнү эле эмес, жогорку жана кесиптик билим системасын да камтый тургандыгын айтты.