Министрлер Кабинети ак илбирсти өлкөнүн улуттук символу деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документте ак илбирстин расмий логотибин кабыл алуу жана аны колдонуу тартиби да каралган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине ак илбирстердин популяциясын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тапшырылды. Ак илбирсти коргоо боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурислам Токтобеков айтып берди.