Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Жакында биздин чек арада чек арачылар керек болбой калышы мүмкүн. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Өзбекстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнө кайрылып жатып айтты. УКМКнын төрагасы үч мамлекеттин чек арасы такталганын белгилеген."Мүмкүн эл өзү кол кабыш кылар. Мамлекет башчылар — Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон ынтымак, достукта эле жашай бере турган шарт түзүп беришти. Башка жолубуз жок", — деди ал. Манас шаарында КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отуруму өтүүдө. Анда коопсуздук маселелери талкууланып жатат.
Россия менен Кыргызстандын маданий-гуманитардык кызматташтыгы — элдердин ортосундагы ишеним менен өз ара түшүнүшүүнү бекемдей турган негизги фактор. Бул туурасында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев россиялык кесиптеши Ольга Любимова менен жолукканда айтты. Эки аткаминер Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында жолугуп, маданий жана гуманитардык кызматташтыктын абалы жана келечеги тууралуу кеңири пикир алышты.Мамбеталиев Кыргызстан менен Россияны орток тарых гана эмес, жалпы руханий мейкиндик да байланыштырып турарын айткан. Ал эми Любимова кино тармагында кызматташуунун келечеги кең экенине токтолгон. Ал "Бриллиант көпөлөк" аттуу биринчи евразиялык киносыйлыкка катышуу үчүн кыргыз кинокартиналары да тандалганын кошумчалаган. Эки жетекчи билим берүү жана кесиптик кызматташтык маселелерин да талкуулаган. Жолугушууда кыргыз киночулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр да белгиленген.
Ош — Бишкек жолунда төрт автоунаа кырсыктап, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.Каргаша 29-октябрь күнү трассанын 145-чакырымында болгон. "DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташыган унаанын айдоочусу түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, астындагы Chevrolet машинасын сүзгөн. Андан кийин каршы тилкеге чыгып Honda Stepwgn менен кагышкан. Chevrolet дагы кытайлык электрокарды сүзүп алган", — деп айтылат маалыматта. Кырсыктын кесепетинен Honda автосундагы эки жүргүнчү каза болуп, үчөө Жайыл районундагы ооруканага жеткирилген.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусу Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Гимхэ авиабазасында өткөнүн Ак үйдүн маалымат кызматы билдирди. Мамлекет жетекчилеринин сүйлөшүүсү 1 саат 40 мүнөткө созулду. Америка лидери Пекин менен Вашингтон буга чейин көптөгөн маселелер боюнча макулдашууга жетишкенин жана саммиттин жүрүшүндө иш улана турганын билдирди. Ал ошондой эле жолугушуудан кийин Кытай менен соода келишимине кол коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок. Си Цзиньпин менен дайыма жакшы мамиледе болгонун да белгиледи. Анткен менен Трамп Кытай лидеринин "тоң моюндугун" белгилеп, бул жакшы көрүнүш эмес деп сыпаттады. Си Цзиньпин Кытай менен АКШ бири-бирине гүлдөп-өнүгүүгө жардам бере аларына токтолду. Ал Кытай менен Американын өнөктөш жана дос болушу керек деген позицияны ачык жактап келерин белгиледи. Анын айтымында, Кытайдын өнүгүшү президент Трамптын "Американы кайрадан улуу державага айлантуу" максатына каршы келбеши керек.