"Евразия" уюмунун жетекчиси Кыргызстанга ыраазычылык билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Евразия" бейөкмөт уюмунун кеңешинин жетекчиси, Мамлекеттик Думанын депутаты Алена Аршинова уюмдун демилгелерин колдоп жатканы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкекте өтүп жаткан мектеп директорлорунун III форуму тажрыйба алмашуу, инновациялык тажрыйбаны жайылтуу жана Кыргызстан менен Россиянын билим берүү жамааттарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн уникалдуу аянтчага айланууда.
"Форумдун максаты — боордош мектептердин кызматташуусу үчүн платформа түзүү. "Евразия" уюмунун демлгелерин колдоп жатканыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Мугалимдер, директорлор жана билим алуучулар коопсуз, бирдиктүү евразиялык маданиятты камтыган билим берүү чөйрөсүн түзүүгө даяр экенине ишенебиз", — деди Аршинова.
Шевцов: Россия Кыргызстанды күчтүү жана өнүккөн өлкө болгонун көргүсү келет