АКШ мигранттарды депортациялоо боюнча быйыл рекорд коюшу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Дональд Трамптын экинчи мөөнөтү башталгандан бери 500 миңден ашуун мыйзамсыз жүргөн мигранттар АКШдан депортацияланып, дагы 1,6 миллиону өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу өлкөнүн Ички коопсуздук министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, аталган ведомство депортация боюнча жакын арада рекорд коюшу мүмкүн.
"АКШдан жалпы жонунан эки миллиондон ашык мыйзамсыз мигрант өз өлкөлөрүнө кетти. Алардын 1,6 миллиону өз ыктыяры менен, дагы 527 миңи күчкө салып депортацияланган", — деп айтылат маалыматта.
Трамптын азыркы президенттик мөөнөтүнүн биринчи жылынын аягына чейин болжол менен дагы 600 миң адам өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.
Министрлик АКШ өлкөдөн өз каалоосу менен депортацияланууну каалагандарга миң доллар төлөнүп, авиабилет сатып берилерин эскертти.
Инаугурация күнүндө Трамп АКШнын 47-президенти катары биринчи сөзүндө мыйзамсыз иммиграцияны токтотуп, миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо процессин баштай турганын айткан. Ал ошондой эле АКШнын түштүк чек арасындагы кырдаалга байланыштуу улуттук өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Трамп Борбор Азия лидерлерин 6-ноябрда Вашингтонго чакырды