Расмий салтанатты маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Россиянын маданият министри Ольга Любимова ачты.
Министрлер маданият алмашуу күндөрүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, бул жакшы саамалык уланыш керектигин айтышты. Филармониянын сахнасында Россия эстрадасынын белгилүү артисттери ырдашты. Гала-концертти Россиянын эл артисти Сергей Жилин жетектеген атактуу "Фонограф-Симфо джаз" оркестри коштоду.