Билим берүү программаларын Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Калининград, Краснодар, Казань, Хабаровск, Самара, Омск, Екатеринбург, Ростов-на-Дону, Тюмень шаарларынын 28 окуу жайы сунуштоодо.
Көргөзмөнү Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун ("Русский дом") колдоосунда "Московские классики" фонду өткөрүп жатат.
Эскерте кетсек, РФ өкмөтүнүн квотасы менен россиялык жогорку окуу жайларында билим алууга документтерди 15-декабрга чейин "Образование в России" сайтынан тапшырууга болот.