БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандын экономикасы өсүп жаткан чакта өлкө квалификациялуу кадрларга муктаж. Бул тууралуу Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Бишкекте өтүп жаткан мектеп директорлорунун III форумунда билдирди.
Анын айтымында, республикага курулушчулар, инженерлер, энергетиктер, медицина, транспорт жана айыл чарба кызматкерлери керек. Адистерди даярдоо үчүн үч (техникалык, медициналык жана агрардык) россиялык-кыргыз консорциуму түзүлүп, 85 окуу жайды бириктирүүдө.
"Россотрудничествонун миссиясы — Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн биздин досторубуз жана өнөктөштөрүбүз үчүн жеткиликтүү кылуу. Биз биринчи кезекте кыргызстандыктарга Россиянын ЖОЖдоруна бюджеттик негизде тапшырууга жардам беребиз. Быйыл Россия өкмөтү Кыргызстандан келген студенттерге, анын ичинде педагогикалык багыттар жана адистиктер боюнча 700 орунга квота бөлгөн. Окуу акысыз, жатакана, стипендия берилет", — деди Зульхарнеев.
Мындан тышкары, Россотрудничествонун колдоосу менен Кыргызстанда "Россия сени менен" аттуу кошумча билим берүү борборлору иштеп жатат. Анда мектеп окуучулары орус тилин үйрөнүп, ар кандай курстардан өтүшүүдө. Ноябрь айында Ош облустук китепканасында жаңы борбор ачуу пландалууда.
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга да өзгөчө көңүл бурулууда. Орус тилинен сабак берген мугалимдер үчүн Кыргызстанда да, Россияда да билим берүү курстары уюштурулган.
Зульхарнеев ошондой эле Щепкин атындагы театралдык окуу жайды Россиянын өкмөттүк квотасы менен ийгиликтүү бүтүргөндөр Кыргызстанга кайтып келишкенин кошумчалады.