БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бүгүн, жалганы менен чыны алмашып кетип жаткан чакта, чындыкка умтулуу жөнүндө сөз кылуу өзгөчө маанилүү. Бул туурасында Россия кинолорунун Бишкектеги "Кыргызстан–2025" фестивалынын ачылышында орус режиссеру Никита Высоцкий баса белгиледи.
Эске салсак, аталган иш-чара анын "Август" аталышындагы согуштук драмасы менен ачылды.
"Бул – чындыкты издегендердин тарыхы. Бул нерсеге жеткенде алар жеңилбес гана эмес, өлбөстүккө да айланышат. Сөздүн чыныгы маанисинде адам болушат. Алардын күчү жана мүмкүнчүлүктөрү он эсе көбөйөт", — деп Высоцкий чечмелеп берди.
Киносүрөткер картинадагы тема бүгүн да өзүнүн маанисин жоготпогонуна токтолду.
Ал "Август" киносу бүгүнкү адамдарга кайрылган драма экенин кошумчалады.