БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Евразиялык коопсуздук боюнча III Минск эл аралык конференциясынын алкагында өтүп жаткан ЖККУнун жумушчу сессиясында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары жана башкы катчынын тынчтыкты орнотуу иштери боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков сүйлөдү.
Ал бирикменин ишинин негизги багыттарын белгиледи. Урунттуу учурлары:
эл аралык коопсуздук системасы кризисти баштан кечирүүдө, жаңжалдар ЖККУнун чек арасына жакындап баратат, Батыш гибриддик согуштарды жана дезинформацияны активдүү колдонууда;
ЖККУ проактивдүү анализге, божомолдоого жана коркунучтарды алдын алууга басым жасайт;
2023-жылдан бери аналитикалык багыт жигердүү өнүгүп, чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эксперттик коомчулук менен кызматташуу жолго коюлган;
коопсуздук жана өнүгүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн комплекстүү отчет даярдалууда;
ЖККУ, КМШ жана ШКУнун кызматташтыгы чыңдалып, уюмдун болочок төрагасы катары Россиядан жаңы демилгелер күтүлүүдө.
"Ири масштабдагы чыр-чатактар ЖККУнун жооптуу аймактарынын чек арасына жакындап калды. Афганстанда абал кооптуу, бул аймактан чыга турган чакырыктар менен коркунучтар толук жоюла элек. Жакынкы Чыгышта туруксуздук сакталууда. Чыгыш Европадагы чырды чечүү жолдору табылбай жатат", — деди Масадыков.
Ал ошондой эле Евразиялык коопсуздук боюнча Минск конференциясы түрдүү пикирлерди билдирүү үчүн маанилүү аянтча болуп калганын белгиледи.