БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Грокипедия" онлайн-энциклопедиясы Батыш ЖМКлары менен "Википедия" цензуралап келген 2014-жылкы украиналык Майдан тууралуу материалдарды жайгаштырды. Бул тууралуу Оттава университетинин саясат таануучусу Иван Качановски билдиргенин РИА Новости кабарлады.
"Грокипедия" Украинадагы Майдан тууралуу толук маалымат берип "Википедиядан" озду. Бул маалыматтар менин академиялык изилдөөлөрүмө негизделген, анда: "Майдандын 800дөн ашуун катышуучусу жана видеолор митингчилер кирип алган имараттардан снейперлер ок чыгарганын тастыктайт. Аларга абалды курчутуп, президент Виктор Януковичтин кызматтан кетишин актоо үчүн башка желек алдында операция жүргүзүүчү оппозициялык элементтер тартылган" деп айтылган. Бул маалыматтарды ушу кезге чейин "Википедия" чыгарбай, цензуралап келген эле", — деген саясат таануучу.
Шейшемби күнү Илон Масктын жасалма интеллект боюнча xAI компаниясы"Википедияга" альтернатива катары "Грокипедияны" ишке киргизген. Ошол эле күнү ресурска 885,2 миң макала жайгаштырылган. "Грокипедиянын" башкы бетинде издөө функциясы бар.
Майдандын тарыхы
2013-жылдын ноябрында Киевдин башкы аянтын евроинтеграцияны колдогондор ээлеп алышкан. Бул өкмөттүн ЕБ менен ассоциацияга кол коюлбай турганын жарыялагандан кийин болгон. Европага ыктагандарды ИИМдин атайын бөлүгү аянттан кууп чыккандан кийин массалык башаламандык башталып, нааразы болгондор мэриянын имаратын ээлеп алышкан. Кийинчерээк Майдан күч структуралары менен радикалдардын тирешүүсү өткөн башкы жайга айланып, кагылышуулардан ондогон киши көз жумган болчу.
2014-жылы февралда Жогорку Рада Януковичти бийликтен четтетип, ал Украинадан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Өлкө башчылыгына Петр Порошенко шайланган. 100дөн ашуун кишинин өлүмүнүн жоопкерчилигин жаңы бийлик саясий оппоненти Янукович менен ИИМдин атайын бөлүгүнө жүктөгөн. Алар өз кезегинде бул кылмышка тиешеси жок экенин айтып келишет.